КММИУДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

     Бүгүн, 19-мартта КММИУда Нооруз майрамы белгиленип, сүмөлөк кайнатылып андан соң концерттик программа тартууланды.
Баба дыйкан жерге үрөөн сээп, сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, Умай Эне аруу тилектерин айтып, андан соң акындардын айтышы, ыр, бийлер менен коштолду.
      Ошондой эле келген конокторго сүмөлөк берилди.
Иш чара концерттик программадан сырткары спорттук ар кандай оюндар менен коштолуп, студенттер аралык мелдеш болуп, жеңүүчүлгө белектер ыйгарылды.
Бул ирет майрамдык салтанат КММИУнун Кино жана телеберүү факультети тарабынан уюштурулду.