КММИУда Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы жалпы жыйыны болду.

   27-сентябрда КММИУда Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы жалпы жыйыны болду.
   Жыйында окуу иштери боюнча проректору Кубат Жакыпов 2023-2024-окуу жылынын жайкы сессиясынын жыйынтыгы, МАК боюнча отчётун берди. Ошондой эле кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Эркин Шейшеналиев быйылкы кабыл алуунун маалыматын презентациялады.
   Ректор Түмөнбай Колдошов 1 жарым жыл ичинде атайын эсептен окутуучулардын айлык акысы 2 жолу жогорулагандыгын билдирди. Жаңы окуу жылынан баштап, үчүнчү жолу атайын эсептин негизинде айлык акы жогорулатууну сунуштады.
   Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.