КММИУНУН СТУДЕНТТЕРИ МОСКВАДА ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА
КММИУнун окутуучулары жана студенттери Москвада Бүткүл Орусиялык кинематография институту уюштурган эл аралык фестивалга катышууда.
“Кино билим: КМШга мүчө мамлекеттердин биргелешкен билим берүү долбоорлору” аталышындагы иш-чарага КММИУнун профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Каридин Акматалиев, кафедра башчысы Жоодарбек Турумбеков жана 4 студент катышууда.
30-сентябрда башталган фестиваль 4-октябрга чейин уланат. Аталган фестивалда кино жана телевидение факультетинин студенттери тарабынан тартылган тасмалар ат салышууда. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.