Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика жана коммуникация факультети уюштурган чыгармачыл окуу жайлардын » Мен репортёр» аталышындагы Республикалык студенттер арасындагы сынакта Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун «Кино жана телекөрсөтүү» факультетинин студенти ( Телекөрсөтүү жана радио уктуруу кафедрасы) Эсенгул уулу Асылбек “Мыкты документалдуу фильм” номинациясын жеңди!
Ошондой эле аталган бөлүмдүн 4-курсунун студенти Нышанов Адыл 2-орунду ээледи!
