Бүгүн, 20-нояюбрда “Мен студент” аталышындагы эң мыкты студенттерди сыйлоого арналган кече болуп өттү.
Искусство факультети тарабынан даярдалган иш чарага окуу жайдын окутуучулар жамаат, студенттери катышты.
Концерттик программада университеттин студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле белгилүү эстрада жылдыздары коштоп келди.
Кеченин жүрүшүндө “КММИУНУН ЭҢ МЫКТЫ” төрт студентине университет тарабынан атайын дипломдор тапшырылды. Ошондой эле окууда жана коомдук иштерге активдүү, дилгир, таланттуу студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары берилди. Аталган сыйлыктар студенттерге дагы да стимул болуп, башкаларды дагы шыктандырат деп ишенебиз.
Ректор Түмөнбай Колдошов студенттерди майрамы менен куттуктап, жыл ичинде республикалык, эл аралык кароо-сынактарда ийгиликке жетишкен студенттердин ар биринин атын атап, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле окуу жай үчүн ар бир студенттин орду өзгөчө экендигин баса белгилеп, студенттердин чыгармачылыкта бийиктиктерге жетишине университет ар дайым колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.
Жалындуу жаштыктын эң сонун мезгилдерин КММИУда өткөрүп жаткан ар бир студентке ийгилик каалайбыз!