Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ менен Казак улуттук хореография академиясы кызматташуу боюнча жаңы меморандумга кол коюшту.
Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу меморандуму эки өлкөнүн маданий-агартуу мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоого олуттуу кадам болуп саналат.
Келишимдин негизинде маданият, искусство, илим жана билим берүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө,чыгармачылык тажрыйба алмашууга, ошондой эле бул тармактарда студенттердин жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууда бири-бирине көмөктөшөт.
Мындан тышкары, эки жогорку окуу жай өткөрө турган илимий жана маданий иш-чаралары (илимий-практикалык конференция, симпозиум, тегерек стол, семинар ж.б.у.с.) тууралуу өз ара маалымат алмашып турушат жана мындай иш-чараларды биргелешип уюштурушат.
Эки тарап бул келишимдин алкагында жемиштүү кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдиришти.