КММИУ Өзбек улуттук музыкалык искусство институту менен кызматташат

   КММИУ Өзбек улуттук музыкалык искусство институту менен кызматташат
   Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошовдун Өзбекстандын Самарканд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Юнус Раджаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун ректору Элдор Шермонов менен жолугушту.
   Жолугушууда бир катар маданий багыттагы маселелер, эки окуу жай ортосундагы алака, карым-катнаш, студенттердин билим алмашуу программалары, музыка жана музыка изилдөө багытындагы пландар талкууланды. Андан соң Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелеринин негизинде, эл аралык кызматташтыктын келечегин дагы да кеңейтүү максатында эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
   Аталган келишимге ылайык, искусство жаатындагы эки окуу жай салтуу искусство чөйрөсүндөгү жалпы кызыкчылыктарды биргеликте ишке ашыруу багытында кызматташат.