Күч- билимде, билим китепте

    Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүнө карата «Күч- билимде, билим китепте» аталышындагы интеллектуалдык оюну болуп өттү. Бул жолку акыл таймаш хореография жана маданий ишмердик факультети жана Агартуу лигасы тарабынан уюштурулду.
Интеллектуалдык таймашта университет, кыргыз акын-жазуучулары, КРнын «Кызыл китеби», логикалык жана башка багыттагы суроолор берилди.
Жыйынтыгында:
1-Театр факультети
2- Хореография жана маданий ишмердик факультети
3-Искусство факультети — орундарды камсыз кылышты.
Ал эми окуу жайдын китепканасы тарабынан активдүү китеп окуган студенттерге жана жеңишке жетишкен командаларга китептер белекке берилди.
Студенттердин ой өрүшүн, билимин кеңейтүү максатында уюштурулуп келе жаткан бул таймаш өткөн жылдын декабрь айынан бери эстафета түрүндө факультеттердин демилгеси менен ишке ашып келүүдө.
Ал эми жыйынтыктоочу финалдык оюн май айынын акыркы жумаларында орун алмакчы!