МЫКТЫ 3 СТУДЕНТКЕ 200 ДОЛЛАРДАН АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯ ЫЙГАРЫЛДЫ
3-сентябрда КММИУда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КММИУнун профессору, Өзбек Абдылдаев атындагы атуулдук стипендия мыкты 3 студентке ыйгарылды.
Иш-чарага КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов, Өзбек Абдылдаевдин жубайы Мира Молдогазиева, кызы Жылдыз Абдылдаева, университеттин проректорлору, декандары, окутуучулары жана студенттер катышты.
Сонку эки жылдан бери тапшырылып келе жаткан бул сыйлык окууда жана коомдук, маданий иштерге активдүү катышкан студенттер арасында атайын конкурс жүргүзүлүп, Абылдаевдин үй-бүлөсү тарабынан мыкты 3 студентке 200 доллардан стипендия тапшырылды. Искусство факультетинен 5-курстун студенти Акылбек Исмаилбек уулуна, хореография жана маданий ишмердик факультетинин 3-курсунун студенти Нестан Орозобекова жана театр факультетинин 5-курсунун студенти Айчолпон Курманбековага берилди.
Өмүрүнүн 51 жылын КММИУга арнаган профессор Өзбек Абдылдаевдин окуу жай үчүн кошкон салымы чоң. 2013-жылы ректордун милдетин аткаруучу кызматын аркалап турган учурунда окуу жайга университет макамы берилген. 2020-жылы пандемия учурунда мезгилсиз дүйнө салган.