Студенттен студенттерге стипендия

      КММИУнун кино жана телекөрсөтүү факультетинин 2-курсунун студенти Ибадылла Аджибаев факульттеги мыкты окуган 6 студентке стипендия тапшырды.

    Аджибаев ай сайын миң сомдон стипендия берип турарын, сентябрь айынан тартып 3 миң сомдон бере тургандыгын айтты. Ошондой эле фестивалга катышчу 1 көркөм тасманын каржылап бере аларын кошумчалады.

Стипендия берүүдөгү максаты студенттерге стимул берүү менен аларды шыктандыруу.