Студенттик кеңешке жаңы төрайым дайындалды

Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда Студенттик кеңештин жыйыны болуп өттү.
Анда алгач 2023-2024-окуу жылына карата шайланган Студенттик кеңештин төрагасы Дастан Джамболотов отчёт жасап, мүчөлөрдүн суроолоруна жооп берди.
Жыйынтыгында 2024-2025-окуу жылына карата Студенттик кеңештин төрайымы болуп Нестан Орозобекова, кыздар кеңешинин төрайымы Шабданова Айтаңшы Кайыпбековна, ал эми окуу, маданий иштери боюнча төраганын биринчи орун басары болуп Акылбек уулу Эсенгул, коомчулук менен байланыш боюнча орун басар Арууке Табылды кызы, ден соолук жана спорт боюнча орун басары Наралыев Шайлообек Мамаюсупович, Студенттик кеңештин мүчөсү катары Аделина Замировалар дайындалды. Ошондой эле делегаттардын колдоосу менен КММИУнун студенттик интеллектуалдар клубунун жетекчиси Кулпеишов Актилек дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *