Сыдыкова Айжан чакан поэзия кечесин өткөрдү.

   Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун музыкалык билим берүү кафедрасынын 2-курсунун студенти Сыдыкова Айжан чакан поэзия кечесин өткөрдү.
Поэзия кечеде Айжандын өзүнүн жана окуу жайдын таланттуу студенттеринин көркөм окуусунда жаратылыш, ата-эне, курбу жана сезим тууралуу ырлары окулуп андан сырткары обондуу ырлар ырдалды.
Айжан кичинекейинен чыгармачылыкка жакын экенин жана КММИУ таланттардын мекени болгон үчүн бул окуу жайдын мугалимдер жамааты, студентттер анын чыгармачылыгына дагы да дем берип, эргүү ыроолоп келе жатканын ырларын көркөм айтуунун алдында баса белгиледи.
Поэзия кеченин катышуучулары жаш акындын жеңил жана түшүнүктүү, ойго салган, түркүн эмоция жашаткан ырларын берилүү менен угушту.
Бул иш-чарага ректор, проректорлор, декандар, мугалимдер жана студенттер катышты.
Айжанга чыгармачылык эргүү каалоо менен дагы да мыкты чыгармаларды күтөөрүбүздү кулак кагыш кылабыз!