УЛУТТУК СТАТУС ЫЙГАРЫЛДЫ

             Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 22-мартындагы N96 Жарлыгына ылайык Б.Бейшеналиева атындагы КММИУга Улуттук статус ыйгарылды. Мындан ары, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университетибиз.
Биздин университеттин ийгилигине жардам берген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Президенттик Администрацияга, Урматтуу Президентибиз С.Н.Жапаровго ыраазычылык билдиремин.
60 жылдык бай тарыхы бар окуу жайга Улуттук деген статустун берилүүсү маанилүү. Анткени, өлкөбүздөгү бардык маданият мекемелерине кадр даярдаган ЖОЖ катары бул статуска татыктуу. Эмгек жамаатыбызга, студенттерге кут болсун!
Тарыхый учурларды белгилеп коелу:
1. 1967- жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин (N7771. 12.08.1967) чечими менен Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган;
2. 1974-жылы 28-январда Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин N21 токтому менен ССРдин Эл артисти Б.Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган;
3. 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы КМИИден К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы бөлүнүп чыккан;
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августундагы N 470 токтому менен Б.Бейшеналиева атындагы КМИИ Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп өзгөртүлгөн;
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-мартындагы N 96 Жарлыгы менен Б.Бейшеналиева атындагы КММИУга “Улуттук” статус ыйгарылып, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университети аталды.
Университетибиздин тарыхый күнү баарыбызга кут болсун! Маданиятка, билим берүүгө кызмат кылабыз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *