Бул күндү майрамдоону кинорежиссер Рысбек Жабиров демилгелеп, 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак күнү катары расмий бекитилип, 2017-жылы айрым сунуштардын негизинде токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары кабыл алынган.
Ак калпак улуттук баш кийимибизди эр-азаматтарыбыз ар дайым сыймыктануу менен кийип, дүйнө жүзүнө таанытсын.
Улуттук салттуу кийимдерибиз тарыхый жана маданий баалуулуктарыбызды дүйнөгө даңазалоого салым кошо берсин.