Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун хореография жана маданий ишмердик факультетинин, хореография кафедрасы илимий конференция өткөрдү
Мында «Кыргыздардын фольклордук музыкасы жана бийи” / “Кыргыз элинин элдик музыкасы жана бийлери” аталышындагы долбоорлордун бет ачары болуп өттү.
Бул видеосериал 18-20-кылымдагы саякатчылардын эскерүүлөрү, архивдик аудио жана видеоматериалдарга, изилдөөлөргө негизделип иштелип чыккан.
Негизги максат – кыргыз элинин элдик музыка жана хореография жаатындагы материалдык эмес мурастарын азыркы заманда элге тартуулоо жана сактоо.
