Бүгүн, 4-сентябрда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов келип, окуу жайдын жамааты менен жолугушту.
Жолугушууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов университеттин базасы менен тааныштырды.
Жыйында алгач ректор Түмөнбай Колдошов окуу жай тууралуу маалымат берип, буга чейин жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер жана муктаждыктар жөнүндө презентация жасады.
Ошондой эле окутуучуларга дагы сөз берилип, жалпы маселелер талкууланды.
Эдил Байсалов жаңы имарат салуу, айлык-акылардын коэффицентин көтөрүү мезгилдин талабы экендигин билдирип, искусство окуу жайынын атына татыктуу жаркыраган жай салуу керектигин билдирди.
Айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн жакынкы аралыкта мамлекет тарабынан иштер аткарыла тургандыгын кошумчалады.