21-октябрда искусство факультетинин фольклор жана салттык музыка кафедрасынын 1-курсунун студенттеринин “Биз” аталышындагы тушоо кесүү концерти болуп өттү.
Аталган концерт театралдаштырылган сахна менен ачылып, андан соң төкмө акындардын саламдашуусу менен коштолуп, обондуу ырлар, тамашалуу номерлер жана бийлер менен уланды.
Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.
Концерттин соңунда университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Улукбек Омокеев жаңы келген студенттерди куттуктап, өнөр үчүн көзү жанып турган студенттер келгендигин кошумчалады.
Ошондой эле искусство факультетинин деканы Созул Казиева быйыл 1-курска таланттуу студенттер көп келгендигин баса белгиледи.