”I Түрк дүйнөсү жаштары” эл аралык форуму

     Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттери Казакстандын Алматы шаарында 20-23-ноябрь күндөрү өткөн “I Түрк дүйнөсү жаштары” эл аралык форумуна катышты.
“ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму тарабынан демилгеленген форум Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинде өткөрүлдү.
     Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясатынын сунуштоосу жана уюштуруусунда кыргыз жаштарынын катышуусуна шарт түзүлдү.
Аталган форумдун максаты түрк дүйнөсүндөгү жаштарга аянтча түзүү менен бирге, билим, маданият, достук, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген