Фестивалдын үчүнчү күнүндө студенттер көркөм окуу багыты боюнча өнөрлөрүн эл аралык калыстардын сынына коюшту.
Бул номинация боюнча иш чара Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук драма театрында өттү.
Фестиваль 16-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары 4 мамлекеттин студенттери катышып жатат. Катышуучулар бир нече номинациялар менен ат салышууда. 1-2-3-орун ээлеген студенттерге атайын диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылмакчы.