“Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалы салтанаттуу түрдө жабылды!

       Бүгүн, 19-апрелде “Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалынын жабылыш аземи өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан кеңешчиси Бактыбек Секимов, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов, чыгармачыл чөйрө, студенттер жана театр сүйүүчүлөр катышты.
Төрт күнгө созулган эл аралык фестивалдын жабылыш аземинде калыстар тобунун чечими менен номинациялар боюнча жыйынтыктар төмөндөгүдөй;
“МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ” номинациясы боюнча
1. БАШ БАЙГЕ — ГРАН-ПРИ
Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттеринин “Кара чапан” спектакли – 100 000 сом (жүз миң сом) сыйлык;
2. БИРИНЧИ ОРУН
Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайынын студенттеринин “Машырбек үйлөнөт” спектакли — 70 000 сом (жетимиш миң сом) сыйлык.
3. ЭКИНЧИ ОРУН
М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын студенттеринин “Кымгуут жерде” спектакли — 50 000 сом (элүү миң сом) сыйлык.
4. ҮЧҮНЧҮ ОРУН
Т. Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын студенттеринин “Карышкыр улуган түндө” спектакли — 30 000 сом (отуз миң сом) сыйлык.
5. ЭРКЕКТИН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын студенти Эрлан Борошев “Кымгуут жерде” спектаклиндеги Гүлжигиттин ролу үчүн — 30 000 сом (отуз миң сом) сыйлык.
6. АЯЛЗАТЫНЫН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Казак улуттук искусство университетинин студенти Саида Сагинова
“Кармен” спектаклиндеги Карменситанын ролу- 30 000 сом (отуз миң сом) сыйлык
7. ЭКИНЧИ ПЛАНДАГЫ ЭРКЕКТИН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайынын 2-курсунун студенти Алтынбек Мирланов “Шейдулла жалкоо” спектаклиндеги карышкырдын ролу үчүн 20 000 сом (жыйырма миң сом) сыйлык.
8. ЭКИНЧИ ПЛАНДАГЫ АЯЛЗАТЫНЫН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Россия театралдык искусство институтунун – ГИТИСтин студенти Евгения Шуткина “Жапайы талаа” спектаклиндеги Галинанын ролу үчүн — 20 000 сом (жыйырма миң сом) сыйлык.
9. ЖАШТАРДЫН ЭҢ МЫКТЫ УСТАТЫ
М.С. Щепкин атындагы жогорку окуу жайынын мугалими Новикова Людмила Николаевнага — 20 000 сом (жыйырма миң сом) сыйлык.
10. ЭҢ МЫКТЫ ДРАМАТУРГИЯ, 1-ОРУН
Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун студенти Арууке Асылбекова
“Тишина” аттуу пьесасы үчүн — 20 000 сом (жыйырма миң сом) сыйлык
11. ЭҢ МЫКТЫ ДРАМАТУРГИЯ, 2-ОРУН
Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Медина Муктарбек кызы “СЫР” аттуу пьесасы үчүн — 10 000 сом (он миң сом) сыйлык.
12. ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТР СЫНЫ, 1-ОРУН
— Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Жылдыз Осмоналиева студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн — 12 000 сом (он эки миң сом) сыйлык.
— Россия театр искусствосу иституту-ГИТИСтин студенти Юлия Белевцова студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн — 12 000 сом (он эки миң сом) сыйлык.
13. ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТР СЫНЫ, 2-ОРУН
— Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Кундуз Камчыбек кызы студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн — 8 000 сом (сегиз миң сом) сыйлык.
— Россия театр искусствосу иституту-ГИТИСтин студенти Никита Жуков студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн — 8000 сом (сегиз миң сом) сыйлык.
КӨРКӨМ ОКУУ БОЮНЧА СОВЕТБЕК ЖУМАДЫЛОВ АТЫНДАГЫ БАЙГЕ
1. БИРИНЧИ ОРУН
М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын (институтунун) студенти Дамир уулу Адилет Ч. Айтматовдун “Кыямат” чыгармасынан монологу үчүн — 20 000 сом (жыйырма миң сом) сыйлык.
2. ЭКИНЧИ ОРУН
— Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Тахмина Оморканова Ш. Абдраманов “Күтүү” чыгармасынан монологу үчүн – 15 000 сом (он беш миң сом) сыйлык;
— Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Мээрим Абдыкеримова
М.М. Зощенко – “Веселенькая история” чыгармасынан монологу үчүн —
15 000 сом (он беш миң сом) сыйлык.
3. ҮЧҮНЧҮ ОРУН
— Т. Жүргенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенти Байбол Султан С.Н. Жунисов “Акан Серэ” Саккулактын монологу үчүн — 10 000 сом (он миң сом) сыйлык;
— Казак улуттук искусство университетинин студенти Маржан Нуралиева . Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” Найман эненин монологу үчүн — 10 000 сом (он миң сом) сыйлык.
Эске салсак, бул фестиваль 2016-жылдан бери өтүп келет.
Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ жана Театр ишмерлер союзу тарабынан өткөрүлдү.
Бул жылы фестивалда Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия өлкөлөрүнүн студенттери өз өнөрлөрүн калыстар тобунун сынынан өткөрүштү.