КММИУнун мырзалары Айымдардын 8-март эл аралык майрамы менен куттуктады

    КММИУда айымдардын майрамы таң эрте башталды. Анда ректор Т.Колдошов, структура жетекчилери жана студент жигиттерден турган таланттуу мырзалар жумушка шашкан майрам ээлерин аспаптардын коштоосунда ыр десте менен белектерин сунуп өзгөчө маанайда тосуп алышты.
    Андан соң окуу жайдын агайлар жааматы концерттик программа тартуулап, асылзаадалардын дарегине жылуу каалоо-тилектерин айтышты. Бул күнү айымдардын назиктиги, мээримдүүлүгү, сулуулугу даңазаланды.
    Мындан тышкары окуу жайда көп жылдан бери эмгектекген окутуучу эжекелер ардак грамоталар менен сыйланышты.