Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун Кино жана телекөрсөтүү факультетинин студенти ( Телекөрсөтүү жана радио уктуруу кафедрасы) Эсенгул уулу Асылбек «Нарынбек» даректүү тасмасы менен Казакстан Республикасынын Алма -Ата шаарында өтүп жаткан Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму менен Аль-Фараби университети биргеликте уюштурган «Фараби» кинофестивалында » Мыкты даректүү тасма» номинациясын жеңип алды!
Аталган фестивалга Казакстан, Кыргызстан, Узбекстан, Туркия, Азербайджан жана Түркмөнстан мамлекеттеринен жаш кинематографисттер ат салышты.
Жеңишиң кут болсун, Асылбек!
