КММИУНУН СТУДЕНТИ » АЛТЫН ҮН» СЫНАГЫН ЖЕҢДИ!

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын таланттуу студенттеринин «АЛТЫН ҮН» вокалдык сынагы болуп өттү.
Жалпысынан 9 жогорку окуу жайдан 12 катышуучу катышкан бул сынакка Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун таланттуу студенти Баяман Сонунбеков да катышты.
Аталган сынакта Баяман Сонунбеков Геннадий Козловскийдин сөзүнө жазылган Муслим Магомаевдин «Синяя вечность» чыгармасын аткарып, жыйынтыгында 1-орунду ээледи!
Жеңишиң кут болсун, Баяман!