Окуу жайлардагы салттуу музыка боюнча окутуу жана кадр даярдоо маселелери

             Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда салттуу музыка жумалыгынын алкагында
«Окуу жайлардагы салттуу музыка боюнча окутуу жана кадр даярдоо маселелери» аталышындагы тегерек стол уюштурулду!
Жыйында негизинен 3 пункттан турган резолюция каралды:
1. Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда аспирантура жана магистратура бөлүмдөрүндө салттык музыка илимий изилдөөнүн объектиси жана предмети катары кароо;
2. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте окуу стандарттарына замандын талабына ылайык системалаштырып, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен окуу планын, программаларын иштеп чыгуу;
3.КММИУнун алдында музыкалык аспаптарды толук кандуу изилдөө максатында илимий-усулдук лабораториясын ачуу;
Андан сырткары окуу программаларына замандын талабына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү, ааламдашуудагы жаңы ыкмалардын колдонулушу, окуу китептери, окуу куралдары, окуу методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана аларды чечүү жолдорун карап чыгуу сыяктуу актуалдуу маселелер каралды.
Алдыда кабыл алынган резолюция тийиштүү мекемелерге иш алып барууга жөнөтүлөт.