КММИУда «Практика жана карьера» бөлүмү тарабынан практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү

    Б. Бейшеналиева атындагы КММИУда «Практика жана карьера» бөлүмү тарабынан практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.
Аталган жыйынга ректор Түмөнбай Колдошев, №47 жалпы билим берүү орто мектебинин директорунун орун басары Айша Исакова , Чүй облусунун Аламүдүн районунуна караштуу Мыкан айылдык маданият үйүнүн директору Наргиза Эсенгазиева, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн 73809 аскер бөлүгүнүн тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы гвардиянын капитаны Айжигит Кудайбердиев, «50 -Квартал» студиясынын директору Эрмек Таалайбеков, мугалимдер жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кино жана телекөрсөтүү факультетинин 3-курсунун студенттери Алымбек кызы Асел, Азамат кызы Аяна, Музыка жана ырдоо кафедрасынын 2-3-курсунун студенттери Каныбекова Гулнуру, Дубанбекова Сезим, Хореография жана маданий ишмердик факультетинин 5 -курсунун студенттери Уралиева Жанара, Майрамбеков Нурсултан жана Театр факультетинин студенти Эрмамат уулу Бекболсун өздөрү практика өткөн мекемелер, топтогон тажрыйбалары тууралуу презентация жасашты.
Андан сырткары келген конокторго сөз берилип, практика боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Ошондой эле, студенттер практика өткөн мекемелердин жетекчилери тарабынан КММИУга ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
Түмөнбай Колдошов
@Нурзат Келдибекова