Комузчулук өнөрдүн чеберлери Гүлжан Карабаева жана Руслан Жумабаевди эскерүү кечеси өттү

    Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда комузчулук өнөрдүн чеберлери Гүлжан Карабаева жана Руслан Жумабаевди эскерүү кечеси өттү;
Кеченин коноктору:
КР Эл артисти Н.Нышанов
«Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театрынын жетекчиси Ч.Жапарова
КР билим берүүнүн отличниги, комузчу-педагог К. Эргешова
Эскерүү кечеге Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов, Р.Жумабаев жана Г.Карабаеванын жакындары, шакирттери, студенттер катышты.
Руслан Жумабаев 1973-жылы 1-апрелде Нарын шаарында төрөлгөн. Комузчу Чкалов атындагы мектепте орус класста билим алып, кийин Бишкектеги Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган.
Жумабаев «Ордо Сахна» тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда сабак берчү. Аталган окуу жайда эл аспаптар факультетин жетектеп, аспирантураны бүтүрүп, доцент болгон. Бир катар сынактардын конкурс-фестивалдардын лауреаты. Комузчу Нарын мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Руслан Жумабаев классикалык күүлөрдү аткаруу менен катар бир топ чыгармаларды жараткан. Алардын ичинен «Карылардын насыяты», «Кара көө», «Ботаалынын Боз жорго» жана элдик ансамбль, оркестрлер үчүн жазган «Ахалтеке», «Ак куу», «Булбул сайрак», «Ак таноо» жана башка күүлөрдүн автору.
Руслан Жумабаев 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн чертип, даңазасы арткан.
Учурдагы белгилүү комузчулар: Ренат Мамбеталиев, Чыңгыз Кубат уулу, Улукбек Эркалиев, Закирбек Дүйшөнбек уулу Руслан Жумабаевдин шакирттери.
Залкар комузчу 2018–жылы узакка созулган оорудан улам кайтыш болгон.
Гүлжан Карабаева: 1965–жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган.
Жаштайынан комуз черткенге кызыгып калган. 7 жашында комузда кол ойното баштаган. Комузчулук боюнча алгачкы мугалими улуу комузчу Нурак Абдырахманов болгон.1980-жылы Гүлжан Карабаева М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, Нарын музыкалык драма театрына барып, комузчу, актриса болуп иштей баштаган.
Гүлжан Карабева «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык оркестринин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошкондордун бири. Ошондой эле «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театрында комузда күүлөрдү аткарып, жогорку профессионалдык чеберчиликти көрсөткөн комузчу болгон.
Чоң жана кичи сахналарда ансамбль менен биргеликте “Эркесары”, “Кыз ойготор”, “Ибарат” сыяктуу белгилүү күүлөрдү комузда чеберчилик менен аткарган.
Белгилүү комузчу 2015-жылы узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.