КММИУнун студенттери Өзбекстан искусство жана маданият институтунан грим сабагы боюнча квалификациясын жогорулатып келишти

   Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 4-курсунун студенттери жана грим сабагынын окутуучусу Анара Сөлпүева Өзбекстан искусство жана маданият институтунуна барып, грим сабагы боюнча билимин жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү окууга барып келишти.
    Тажрыйба алмашуу 29-февралдан 7-мартка чейин уланып, анда студенттер колго жасалган гумос менен иштөө, сакал, мурут, парикти туура жасоо боюнча үйрөнүштү.
   Мындан сырткары студенттер Өзбекстан мамлекеттик маданият жана искусство институтунун актёрдук чеберчилик, куурчак актёрлору, вокал, фольклор сабактарына катышышты.
   Белгилей кетсек, окуунун жыйынтыгы менен Кыргызстандан барган студенттерге Өзбекстан мамлекеттик маданият жана искусство институтунун ректору Элдор Шерманов грим сабагынан квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттарды тапшырды.