КММИУ Кыргызстандагы театрлар, оюн-зоок мекемелери менен кызматташат

   Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Н. Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы, Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы, А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы менен биргелешкен меморандумга кол коюшту.
КММИУнун 3-4-5-курстарынын студенттерин өндүрүштүк жана мамлекеттик практикаларга жөнөтүү, жумуш менен камсыздоо, квалификацияларды жогорулатуу жана башка бир топ багыттарда кызматташат.