23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө» карата «Билим кенчи — китеп” аталышындагы II Республикалык онлайн сынак жарыялайт!

     Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин «Сахна кеби» кафедрасы, «23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө» карата «Билим кенчи — китеп” аталышындагы II Республикалык онлайн сынак жарыялайт!I.Конкурстун негизги максаты:1.Бүткүл дүйнөлүк жана кыргыз классикалык чыгармаларды кийинки муунга жеткирүү, жайылтуу, мекенчил болууга, өз мекенди сүйүүгө үндөө;2.Жаштардын сүйлөө маданиятына көңүл бөлүп, ой-жүгүртүүсү жана сөз байлыгы кенен жаштарды тарбиялоо, жалпы билим берүүчү мекемелер менен тажыйрба алмашуу, окуу жайлар арасында ынтымакты бекемдөө;II.Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартиби:1.Онлайн форматта 3 (үч) багыт менен өтөт.1-багыт — дүйнөлүк классикага айланган акындардын поэзиялык ырларынан көркөм окуу;2-багыт — дүйнөлүк адабий прозалык чыгармалардан үзүндү же монолог көркөм айтуу;3-багыт — кыргыздын жана дүйнөлүк сатирик акындардын тамсилдерин көркөм айтуу.
Өткөрүү тартиби:
1-туру: Билим берүү тармагындагы орто жана жогорку окуу жайлары өздөрүнүн окуу жайында офлайн форматта тандоо өткөрөт.
2-туру: Окуу жайдан тандалып алынган жеңүүчүнүн видеосун, биздин хештег #teatrduinosu менен (инстаграм, тик-ток, фейсбук) өз баракчаларына жайгаштырышат;
Баса белгилей кетүүчү жагдай: Аталган конкурска баардык Билим берүүчү орто жана жогорку окуу жайлары катыша алат.
Онлайн конкурсту өткөрүү мөөнөтү: 2024-жылдын 10-апрелинен 30-апрелине чейин интернет булактарында (инстаграм, тик-ток, фейсбук) онлайн форматта өтөт, жыйынтыгы 3-майда аныкталат.Сурап-билүү үчүнбайланыш номер:+996700186392.