КММИУда Нооруз майрамы белгиленди

   Бүгүн, 19-мартта КММИУда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Таң эрте боз үй тигилип, куран окутулуп, мал союлду.
   Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө кыргыздын спорттук оюндары ойнолуп, жеңишке жеткен студенттерге дипломдор тапшырылды.
   Кечеге М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Советжан    Асанкадыр, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын проректору Сманалы Кочкоров катышты.
   Андан соң иш чара концерттик программа менен уланды. Майрамдык кеченин коногу төкмө акын Азамат Болгонбаев, Эльзар Өскөнбаева, Ишен Назаров ж.б. жылдыздар болушту.
КММИУнун эстрада ырчылары, музыка мугалими, фольклор кафедраларынын студенттери жандуу үн менен ырдашты.
Салтанаттуу майрамдык кечеге КММИУнун жалпы окутуучулук-профессордук курамы, жалпы кызматкерлер жана студенттер катышты.