Анкарада симпозиум

  Анкарада өтүп жаткан 1-Эл аралык илим, көркөм өнөр жана коомдогу ашыктык салтындагы «Аşık veysel» симпозиумуна КММИУнун ректору, доцент Түмөнбай Колдошов катышып жатат.
Симпозиум 21- 23 март күндөрү Анкара музыка жана көркөм өнөр университетинде өтүп жатат. Ага Баку, Ташкент, Астана, Бишкек шаарларындагы жана Туркиядагы көркөм өнөр университеттеринин жетекчилери, профессорлор катышууда.
   ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Раев Султан Акимовичтин катышуусунда көркөм өнөр университеттеринин ректорлорунун 3-жыйыны болду. Анда өз ара кызматташууда жаралган маселелер жана келечектеги иш аракеттер боюнча талкуу болду.