КММИУда сахна кеби сабагы кандай өтүлөт?

   Театр факультетинин 2- курсунун студенттери сахна кеби сабагында. Сабакты өткөн маданияттын мыкты кызматкери, улук окутуучу Макеева Кундуз Турдубековна.
Эң алгач сабактын жүрүшү музыканын коштоосунда дене бошотуу көнүгүүсү менен башталат.
    Андан соң дем алууну калпка салуу, артикуляцияны, дикцияны жакшыртуу үчүн ар кандай көнүгүүлөр жасалат.
    Тактап айтканда, артикуляцияны, дикцияны жакшыртуу үчүн макал –лакап, жаңылмач жана татаал сөздөр айтылат.
“Студенттер келечекте актёр гана болуп чектелбестен, универсал болуусу керек. Тасмада үн коштоону өздөштүрүү заман талабы. Ошол себептен үн коштоону өздөштүрүп алуу шарт деп, быйыл булар менен эксперимент катары алып иштеп жаткан учурубуз”,-деди К.Макеева