КММИУда Театр күнү белгиленди

    Бүгүн, 27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Театр факультетинин 2-курсунун студенттери майрамдык маанай тартуулашты.
   Концертте студенттер 2 жылда билим алып, өздөштүрүп чыккан ар бир сабактын негизинде түзүлгөн композиция жана концерттик номерлерин коюшту.
    Иш чараны студенттер сабактан тышкары өздөрү даярдашкан.
Кеченин соңунда ректор Түмөнбай Колдошов бардык студенттерге жана окутуучуларга ийгилик каалап, Театр күнү менен куттуктады.